SerepTV Logo

25-августка карата өлкөдөгү аба ырайы

25-августка карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 25-августта түнкүсүн жана эртең менен Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Чүй облусунун өрөөн зонасында, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34; Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +27…+32; Баткен облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26; Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +23…+28; Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19 градус, күндүз +32…+34 градус болот.