25-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан-чачын жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан-чачын жана күн күркүрөшү күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Аба ырайынын температурасы:
-
Чүй облусу
түнкүсүн: +12...+17°С
күндүз: +30...+35°С -
Талас облусу
түнкүсүн: +9...+14°С
күндүз: +27...+32°С -
Баткен облусу
түнкүсүн: +15...+20°С
күндүз: +31...+36°С -
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн: +15...+20°С
күндүз: +31...+36°С -
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн: +9...+14°С
күндүз: +22...+27°С -
Нарын облусу
түнкүсүн: +6...+11°С
күндүз: +23...+28°С
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: түнкүсүн +15...+17°С, күндүз +32...+34°С.
Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: түнкүсүн +12...+14°С, күндүз +22...+24°С.