25-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 25-апрелде өлкө аймагында күн ачык болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4...+9, күндүз +22...+27;
Талас жергесинде түнкүсүн +3...+8, күндүз +20...+25;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6...+11, күндүз +23...+28;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +1...+6, күндүз +12...+17;
Нарын дубанында түнкүсүн +1...+6; күндүз +12...+17.
Ал эми борбор калаа Бишкекте да күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +7...+9, күндүз +24...+26 градус болот.