SerepTV Logo

24-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

24-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 24-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26; Талас өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29; Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +17…+22. Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз жаан-жачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11°, күндүз +24…+26° жылуу болот.
edita