SerepTV Logo

24-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

24-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
24-сентябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаашы мүмкүн, калган жерлерде жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22, Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24. Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +26…+28 градус болот.