SerepTV Logo

24-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

24-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
24-октябрга караган түнү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан катуу жаап, түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлеринде туман түшөт. Күндүз Ош облусунун көпчүлүк аймагында, Чүй, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +6…+11, Талас облусунда түнкүсүн 0… +5, күндүз +5 … +10, Баткенде түнкүсүн +3… +8, күндүз +14…+19, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4… +9, күндүз +15…+20, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1… +4, күндүз +9 … +14, Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +8 …+13. Бишкекте жаан жаашы мүмкүн, эртең менен жана түнкүсүн туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +8…+10 градус болот.