SerepTV Logo

24-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

24-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 24-майда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн +11...+16, күндүз +24...+29; Талас жергесинде түнкүсүн +8...+13, күндүз +25...+30; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15...+20, күндүз +26...+31; Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн +7...+12, күндүз +19...+24; Нарын дубанында  түнкүсүн +5...+10; күндүз +21...+26 градуска чейин жетет; Бишкекте түнкүсүн +14...+16, күндүз +26...+28 градус болот.