SerepTV Logo

24-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы

24-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 24-февралда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым аймактарында жаан, тоолордо жана тоо этектеринде кар жаашы мүмкүн. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан, тоолордо жана тоо этектеринде кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +2…+7; Талас облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +2…+7; Баткен облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +3…+8; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +3…+8; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11; Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…+5; Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +4…+6 градус болот.
edita