SerepTV Logo

24-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

24-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
24-февралда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Тоо этектеринде жана тоолуу жолдордо тоңголок болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 15…20; Талас жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз 15…20; Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21; Баткен аймагында түнкүсүн 0…5, күндүз 15…20; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…-6, күндүз 6…11; Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 3…8; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16…-21, күндүз -1…-6 градус болот. Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2°, күндүз 15…17° болот.