24-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 24-апрелде Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4...+9, күндүз +19...+24;
Талас жергесинде түнкүсүн +1...+6, күндүз +17...+22;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6...+11, күндүз +20...+25;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +1... +6, күндүз +11...+16;
Нарын дубанында түнкүсүн +1...+6; күндүз +9...+14;
Ал эми борбор калаа Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +7...+9, күндүз +21...+23 градус болот.