24-25-августта Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн
24-25-августта Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
"24-августтан 25-августка чейин Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн",- деп айтылат маалыматта.