SerepTV Logo

23-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

23-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 23-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -4…-9, Талас жергесинде түнкүсүн -7…-12, күндүз -4…-9, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…-5, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…-6, Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -8…-13. Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -9 … -11, күндүз -5 … -7 градус болушу күтүлөт.