SerepTV Logo

23-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

23-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 23-сентябрда түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +18…+23; Талас өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +23…+38; Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +16…+21. Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12°, күндүз +18…+20° жылуу болот.
edita