SerepTV Logo

23-октябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

23-октябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 23-октябрда түнкүсүн Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +7…+12, Талас облусунда түнкүсүн +3… +8, күндүз +6 … +11, Баткенде түнкүсүн +7… +12, күндүз +12…+17, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8… +13, күндүз +13…+18, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1… +6, күндүз +14 … +19, Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +12 …+17. Бишкекте жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +10…+12 градус болот.