SerepTV Logo

23-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

23-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 23-ноябрда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда карга айланат. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +0…+5, Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6. Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +6…+8 градус болот.