23-мартка карата COVID-19 75 адамдан аныкталды
23-мартка карата коронавирус илдети менен 75 адам катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, эң көп учур Бишкекте – 56, Чүй - 12, Ысык-Көл - 3, Ош шаары - 2, Жалал-Абад менен Нарын облустарында бирден оорулуу аныкталган. Кыргызстанда жалпы COVID-19 инфекциясына чалдыккандардын саны 87 миң 537 адамды түздү.
Бир сутка ичинде жалпысынан 51 бейтап айыкты. Жалпы айыккандардын саны 84 миң 274 киши.
Бир сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон учур катталган жок. Жалпысынан каза болгондордун саны – 1490 адам.