23-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 23-майда түнкүсүн Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт.
Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Абанын температурасы: Чүй аймагында түнкүсүн +17…+22, күндүз +22…+27; Талас жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +21…+26; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +29…+34; Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +20 …+25; Нарын дубанында түнкүсүн +6… +11; күндүз +22…+27 градуска чейин жетет. Бишкекте түнкүсүн да, күндүз да жаан-чачын күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +18… +20, күндүз +24…+26 градус ысыйт.