SerepTV Logo

23-июндан тарта Бишкектен Кувейтке аба каттам ачылат

23-июндан тарта Бишкектен Кувейтке аба каттам ачылат
23-июндан баштап Бишкек-Кувейт жаңы аба каттамы ачылат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан кабарлашты. «Кувейт – Бишкек – Кувейт» аба каттамы боюнча Кувейттин Jazeera Airways авиакомпаниясынын учактары каттайт. Каттамдар жумасына эки жолу – шаршемби жана жекшемби күндөрү жасалат. Жолдун узактыгы 3 саат 35 мүнөттү түзөт.
Unknown Author