SerepTV Logo

23-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

23-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 23-апрелде өлкө аймагында жаан-чачын күтүлөт, бийик тоолуу региондордо кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4...+9, күндүз +17 ..+22; Талас жергесинде түнкүсүн +1...+6, күндүз +15...+20; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5...+10, күндүз +17...+22; Ысык-Көлдө түнкүсүн +2...+7, күндүз +10...+15; Нарын дубанында түнкүсүн +1...+6; күндүз +8...+13; Ал эми борбор калаа Бишкекте жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +6...+8, күндүз +20...+22 градус болот.