SerepTV Logo

22-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

22-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 22-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн. Жалал-Абаддын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Күндүз көпчүлүк аймактарда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз -3…+2; Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 2…7; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7; Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -3…-8 Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3° суук, күндүз 0…+2° жылуу болушу ыктымал.