SerepTV Logo

22-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

22-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет маалымдагандай, түнкүсүн Талас облусунун айрым жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.

Аба ырайынын температурасы:

  • Чүй облусу түнкүсүн +9…+14°, күндүз +23…+28°;

  • Талас облусу түнкүсүн +7…+12°, күндүз +20…+25°;

  • Баткен облусу түнкүсүн +11…+16°, күндүз +25…+30°;

  • Ош, Жалал-Абад облустары түнкүсүн +11…+16°, күндүз +25…+30°;

  • Ысык-Көл облусу түнкүсүн +6…+11°, күндүз +18…+23°;

  • Нарын облусу түнкүсүн +3…+8°, күндүз +19…+24°.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жамгыр жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын минималдуу температурасы түнкүсүн +12…+14°, максималдуу температурасы күндүз +25…+27°.

info