SerepTV Logo

22-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

22-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 22-сентябрда күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жамгыр жаайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29; Талас өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +26…+31; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25; Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27. Бишкекте күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +27…+29° жылуу болот.