SerepTV Logo

22-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

22-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
22-октябрга караган түнү жаан-чачын болбойт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18, Талас облусунда түнкүсүн +3… +8, күндүз +12 … +17, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6… +11, күндүз +18…+23, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1… +6, күндүз +14 … +19, Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +14 …+19. Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +16…+18 градус болот.