SerepTV Logo

22-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

22-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 22-майда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу аймактарында жаан жаайт. Абанын температурасы: Чүй аймагында  түнкүсүн +12...+17, күндүз +32...+37; Талас жергесинде түнкүсүн +10...+15, күндүз +28...+33; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15...+20, күндүз +32...+37; Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн +7...+12, күндүз +22 ...+27; Нарын дубанында түнкүсүн +5... +10; күндүз +22...+27 даражага чейин жетет. Ал эми борбор калаа Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +15... +17, күндүз +33...+35 градус ысыйт.