22-июнга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 22-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында, Жалал-Абад, Талас, Баткен аймактарында жаан-чачын болбойт.
Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым аймактарында, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаайт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй облусунун өрөөн зонасында жана Ош, Жалал-Абад, облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +12...+17, күндүз +24...+29;
Талас облусунда түнкүсүн +9...+14, күндүз +22...+27
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +14...+19, күндүз +31...+36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9...+14, күндүз +19...+24;
Нарын облусунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +18...+23;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16 градус, күндүз +26…+28 градус болот.