22-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 22-июлда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.
Абанын температурасы: Чүй аймагында түнкүсүн +17…+22, күндүз +33…+38; Талас өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +32…+37; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +22…+27, күндүз +34…+39; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33; Нарын жергесинде түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30 градус болот. Бишкекте түнкүсүн +20…+22, күндүз +36…+38 градус болот.