SerepTV Logo

22-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы

22-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 22-февралда түнкүсүн жана күндүз Чүй, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым аймактарында жаан, кар жаайт. Ошондой эле тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +3…+2, күндүз +1…+6; Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…+5; Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +5…+10; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5; Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -4…+1; Бишкек шаарында жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2 градус, күндүз +4…+6 градус болот.
edita