22-апрелге чейин Бишкектин борбордук бөлүгүндө митинг, тынч жүрүш өткөрүүгө тыюу салынды
Бишкектин Биринчи Май райондук соту 22-апрелге чейин Бишкектин борбордук бөлүгүндө тынч жүрүштөрдү жана митингдерди өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта аталган райондук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Баш калаада ар жекшемби сайын активисттердин мыйзамдуулук үчүн акциясы өтүп келсе, 8-мартта аялдарды коргоого багытталган жүрүш уюштуруу пландалып жаткан эле.
Эми соттун чечими менен тынч жыйындар Максим Горький атындагы сейил багында өткөрүлүшү керек.
“Сотко жекшемби күндөрдөгү митингдерге байланыштуу Биринчи Май райондук акимчилиги арыз менен кайрылган. Биз алардын арызын негиздүү деп таап, 22-февралдан 22-апрелге чейин шаардын борбордук бөлүгүндө тынч жүрүштөрдү жана митингдерди өткөрүүгө тыюу салдык”, - дешти алар.