SerepTV Logo

21-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

21-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 21-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарынын айрым жерлеринде, тоолуу райондордо жаан, кар жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30; Талас өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25; Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25. Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…++13, күндүз +27…+29° жылуу болот.