SerepTV Logo

21-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

21-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
21-ноябрга караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, жаан жаайт, тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. Күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Жолдор тоңголок болот. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +4…+9, Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +3…+8, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +3…+8, Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5. Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +6…+8 градус жылуу болот.