SerepTV Logo

21-июлга карата өлкөдөгү аба ырайы

21-июлга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 21-июлда өлкө аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +18 … +23, күндүз + 30 … +35; Талас облусунда түнкүсүн +12 … +17, күндүз +27 … +32; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн + 17 … +22, күндүз +31 … +36; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12 … +17, күндүз +20 … +25; Нарын облусунда түнкүсүн +10 … +15, күндүз +19 … +24 градус ысык болот. Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +20 … +22, күндүз +32 … +34 градус ысык болот.