SerepTV Logo

21-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

21-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 21-декабрда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…-7, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…-7, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -4…+1, Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -4…-9. Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз -2…-4 градус болот.