SerepTV Logo

21-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

21-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 21-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо жаан жаашы күтүлөт.

Аба ырайынын температурасы:

  • Чүй облусу түнкүсүн: +14…+19°C, күндүз: +30…+35°C

  • Талас облусу түнкүсүн: +8…+13°C, күндүз: +26…+31°C

  • Баткен облусу түнкүсүн: +16…+21°C, күндүз: +30…+35°C

  • Ош, Жалал-Абад облустары түнкүсүн: +16…+21°C, күндүз: +30…+35°C

  • Ысык-Көл облусу түнкүсүн: +9…+14°C, күндүз: +20…+25°C

  • Нарын облусу түнкүсүн: +6…+11°C, күндүз: +23…+28°C

  • Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн: +17…+19°C, күндүз: +31…+33°C.

edita