SerepTV Logo

Министрлер кабинетинин төрагасы алдыга коюлган максаттарын айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы алдыга коюлган максаттарын айтты
"2030-жылга чейин Ички дүң продукцияны 30 миллиард долларга же сом менен айтканда 3 триллиондон ашырабыз", - деди Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев III Элдик Курултайда. Адылбек Касымалиев Курултайдын катышуучуларына Министрлер кабинетинин алдыдагы максаттарына токтолду: * ИДПнын өсүү темпин орточо 9 пайызда кармайбыз. Номиналдык жактан 2030-жылга чейин ИДПны 30 миллард долларга, сом менен айтканда 3 триллиондун деңгээлинен ашырабыз; * ИДПнын жан башына бүгүн эки жарым миң доллар же 200 миң сомду түзсө, аны 4 миң долларга чейин жеткиребиз; * Экономиканын структурасы түп-тамырынан өзгөрөт: сервистик экономикадан индустриалдык-агрардык экономикага басым жасайбыз; * Чакан жана орто бизнестин үлүшүн 50 пайызга жеткиребиз; * Жакырчылыктын деңгээлин 17 пайызга чейин кыскартабыз; * Кичинекей балдарыбызды бала бакчалар менен 80 пайызга чейин камтыйбыз. 20-21-декабрда Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда кезектеги III Элдик Курултайдын жыйыны өткөрүлүүдө. Курултайга катышуу үчүн өлкө аймактарынан 700 делегат шайланып келген.