SerepTV Logo

2025-жылы пенсия канчага көбөйүшү мүмкүн? Социалдык фонддон жооп беришти

2025-жылы пенсия канчага көбөйүшү мүмкүн? Социалдык фонддон жооп беришти

Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев "пенсионер Бишкекте айына 7 миң сом менен жашай алабы?" деп сурады Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевден. 

«Улуттук статистика комитети тарабынан эсептелген жашоо минимуму бар. Биз алардын маалыматтарын эске алабыз», - деп жооп берди Соцфонддун жетекчиси.

“Инфляциянын өсүшү кандай?” деп суроо салды депутат. «10,18%», - деп жооп берди Алиев.

Токтошев "пенсиянын жогорулашы 2025-жылы күтүлүп жатабы?" деп сурады. Социалдык фонддун жетекчиси пенсияны жыл сайын 7 пайызга жогорулатуу каралып жатканын билдирди. «Биз жылына 7 пайызга бюджетти түзөбүз. Бул үчүн 2025-жылдын бюджетинде 1,3 миллиард сом каралган. Эгерде пенсиялык камсыздандыруудан түшкөн киреше көбөйсө, көбөйтүүнү карайбыз», - деп түшүндүрдү ал. 

«7% - 700 сом. Эч нерсеге жетпейт. Инфляцияны карап көрөлү. Баары кымбаттап баратат. Жок дегенде 10 пайызга көбөйтүңүз. Сиздер пенсияны көтөрүү демилгесин көтөрүп, Министрлер кабинетине ушундай өтүнүчтөрдү беришиңиздер керек», - деди депутат.