SerepTV Logo

2020-жылы кыргызстандыктардын акчалай кирешеси 5,1 пайызга кыскарган

2020-жылы кыргызстандыктардын акчалай кирешеси 5,1 пайызга кыскарган
2020-жылы Кыргызстан калкынын акчалай кирешеси 5,1 пайызга кыскарган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматынан кабарлашты. Кыргызстандыктардын акчалай кирешесинин көлөмү 425 миллионду түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 5,1 пайызга азайган. "2020-жылы киши башына болгон киреше айына 5 миң 600 сомду түзүп, мурдагы жылкы көрсөткүчкө караганда 6,9 пайызга кыскарган", - деп айтылат маалыматта. Маалым болгондой, былтыр кыргызстандыктардын кирешесинин көбү эмгек ишмердүүлүгүнөн кыскарган.