SerepTV Logo

Өткөн жылы ата-энелери миграцияда жүргөн 85 миң 459 бала аныкталган

Өткөн жылы ата-энелери миграцияда жүргөн 85 миң 459 бала аныкталган
2020-жылы ар бир үйдү кыдырып чыкканда, ата-энелери миграцияда жүргөн 85 миң 459 бала аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, алардын ичинен 69 миң 530 баланын ата-энеси ички миграцияда болсо, 15 миң 929 баланын ата-энеси сырткы миграцияда. “Биздин кызматкерлер ар бир үйдү кыдырып чыкканда 3 миң 816 баланы ата-энеси туугандык катышы болбогон жарандарга таштап кеткени аныкталды. Миграцияда жүргөн жарандардын балдары жакшы шарттарда жашаса да, алар камкордукка муктаж”, - деди министр. Ализа Солтонбекованын айтымында, бул маселени чечүү үчүн мыйзам кабыл алуу пландалып жатат. Ага ылайык, мигранттар балдарын расмий түрдө камкорчуга таштап кетүүсү керек. Болбосо, аларга өлкөдөн чыгууга тыюу салынат.
edita