SerepTV Logo

20-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

20-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 20-октябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +17…+22; Таласта түнкүсүн +1…+6, күндүз +17…+22; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16; Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +9…+14. Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5°, күндүз +18…+20° жылуу болот.