SerepTV Logo

20-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

20-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
20-ноябрда түнкүсүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, тоолуу райондордо карга айланат. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондорунда карга айланат. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок болот. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 2…7, күндүз 8…13 Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 7…12 Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 10…15 Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10 Нарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6 Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 5…7°, күндүз 11…13° жылуу болот.