SerepTV Logo

20-мартта Айт намаз мечиттерде окулат

20-мартта Айт намаз мечиттерде окулат
20-март Орозо айт майрамы деп белгиленгендиктен, Айт намазы жума мечиттерде төмөнкүдөй программанын негизинде өткөрүлөт. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты. Айт намазын өткөрүүнүн тартиби жана программасы:  * 07:30 – 08:00 – Куран окуу; * 08:00 – 08:25 – Диний баяндар; * 08:25 – 08:30 – Айт намазын окуу тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрмө берүү; * 08:30 – Айт намазын окуу. Эскертүү: Тоолуу аймактардын өзгөчөлүгүнө байланыштуу, жогоруда көрсөтүлгөн убактардан бир аз айырмаланышына (жергиликтүү шарттарга жараша) уруксат берилет.
info