SerepTV Logo

20-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

20-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 20-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +22…+27; Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25; Баткен облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +21…+26; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +8…+13; Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +9…+14. Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы +7…+9°, күндүзгү температурасы +24…+26° болот.