20-июнга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 20-июнда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жерлеринде өткүн өтөт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт.
Абанын температурасы:
Нарын облусунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +16...+21,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +17...+22,
Талас облусунда түнкүсүн +10...+15, күндүз +22...+27,
Чүй облусунда түнкүсүн +13...+18, күндүз +23...+28,
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16...+21, күндүз +29...+34.
Бишкек шаарында түнкүсүн +15...+17 градус, өткүн өтөт, күндүз +26... +28 градус болот.