SerepTV Logo

20-июлга карата өлкөдөгү аба ырайы

20-июлга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 20-июлда түнкүсүн Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, Чүй облусунун дыйканчылык зонасында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36; Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз+28…+33; Баткен облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +31…+36; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +31…+36; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28; Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26; Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21 градус, күндүз +34…+36 градус болот.