SerepTV Logo

20-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы

20-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 20-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым аймактарында жаан, кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк райондорунда, Нарын облусунун айрым аймактарында жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +3…+8; Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +2…+7; Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +7…+12; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +4…+9; Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +2…+7; Бишкек шаарында жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2 градус, күндүз +5…+7 градус болот.
edita