SerepTV Logo

20-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

20-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 20-декабрда өлкөдө түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз -3…+2, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +1…+6, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5, Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7. Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз 0…+2 градус болот.