SerepTV Logo

20-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

20-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 20-апрелде түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +16…+21; Талас жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18; Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +1…+6, күндүз +8…+13; Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14; Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4°, күндүз +18…+20° болот.