SerepTV Logo

2-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

2-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 2-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +25…+30; Талас жергесинде түнкүсүн +5…+10, күндүз +23…+28; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +12...+17, күндүз +28…+33; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25; Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +24…+29; ​Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы +10…+12°, күндүзгү жогорку температурасы +27…+29° жылуу болот.
edita