SerepTV Logo

2-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

2-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 2-октябрга караган түнү Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо жаан карга айланат. Күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймагында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Абанын температурасы: Чүй облусу түнкүсүн +8… +13, күндүз +19…+24, Талас облусу түнкүсүн +5…+10, күндүз +16…+21, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8… + 13, күндүз +21…+26, Ысык-Көл облусу түнкүсүн +3…+8, күндүз +15 …+20, Нарын облусу түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21. Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +21…+23 градус болот.