SerepTV Logo

2-майга карата өлкөдөгү аба ырайы

2-майга карата өлкөдөгү аба ырайы
Эртең, 2-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Баткен облусунун тоолуу аймактарында кар жаайт. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында жана Баткен районунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Нарын облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Башка аймактарда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +23…+28; Талас облусунда түнкүсүн +7…+9, күндүз +25…+27; Баткен облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32; Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23; Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+24; Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн +8…+10 градус, күндүз +26…+28 градус болот.