SerepTV Logo

2-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы: Тоо этектеринде кар жаайт

2-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы: Тоо этектеринде кар жаайт
Эртең, 2-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10; Талас облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз +6…+11; Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +1…+6; Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7; Бишкекте кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз +8…+10 градус болот.
edita